Түркия Италияга каршы чыкты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында: «Италиянын Өкүлдөр палатасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги сунуштаманы армян дооматтарынын ички саясий кызыкчылык эсептери үчүн инструмент катары колдонулушунун жаңы мисалы болуп саналат»,делди.

1181216
Түркия Италияга каршы чыкты

Түркия, Италия Парламентинин 1915-жылдагы окуялар тууралуу «жасалма армян геноциди» дооматтарын камтыган сунуштаманы кабыл алуусун айтыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында: «Италиянын Өкүлдөр палатасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги сунуштаманы армян дооматтарынын ички саясий кызыкчылык эсептери үчүн инструмент катары колдонулушунун жаңы мисалы болуп саналат. Бул сунуштаманы катуу айыптайбыз»,делди.

«Сунуштаманын, Түркия-Италия карым-катнаштарын балталоого милдеттендирилген Маттео Салви башкарган Лега партиясы тарабынан даярдалышы таң калтырган жок»,делген жарыяда, «Таң калтырган жана капага салган жагы, аты аталган парламенттин Лега партиясынын Европа Парламентинин шайлоолорундагы абалын күчтөндүрүү максаты менен сахнага чыгарган оюнуна садага чабылышы болду. Негизинен белгилүү армян дооматтарынын тынымсыз түрдө же шайлоолордун алдында же болбосо Түркияга каршы чыгуу жагынан күн тартипке алып чыгылышы, бул доооматтардын саясий мүнөзүн жана тарыхый чындык менен эч тиешеси болбогонун ачык ортого салып турат. Бул аракеттер, эч бир тарапка пайда алып келбегени сыяктуу келечекке карай жакшы ниеттүү демилгелердин да жолун тороп жатат»,деп билдирилди.

Бул чечимдин, Түркия менен тарыхый байланыштары жана абдан тыгыз соода байланышы болгон стратегиялык өнөктөш Италия менен карым-катнаштарга ар түрдүү чагылышуулары боло турганына басым жасалган билдирүүдө, «Тарыхты саясатташтырган бардык аракеттер сыяктуу бул сунуштаманын да Түркия жагынан эч бир юридикалык күчү жок»,деп баса белгиленди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да, Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө: «Тарыхты саясатташтырган бардык аракеттер сыяктуу Италиянын Өкүлдөр палатасынын бул чечиминин күчү да жокко эсе. Италия Парламентинин чет элдик душманы Лега партиясынын Европа Парламентинин шайлоосундагы добуштарын көбөйтүү максатында сахнага чыгарган оюнуна садага чабылышы кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Италиядагы коалициялык өкмөттөн «жасалма армян геноцидин расмий түрдө таануусун жана муну эл аралык аренада жактоосун» талап кылган сунуштама, бул өлкөнүн парламентинде 43 арсар 382 макул добушу менен кабыл алынган болчу.



Тектеш кабарлар