Президент Р. Т. Эрдогандын пресс - жыйыны

Түркиянын Орусиянын С  - 400 системасын сатып алуудан баш тартуусун эч ким талап кыла албайт.

1179672
Президент Р. Т. Эрдогандын пресс - жыйыны

Президент Р. Т. Эрдоган эгемендүү бир мамлекет болгон Түркиянын Орусиянын С  - 400 системасын сатып алуудан баш тартуусун эч кимдин талап кыла албай тургандыгын баса белгиледи.

Эрдоган кечээ түшкү саатарда барган Орусияда президент В. Путин менен Түркия -Орусия 8 -жогорку деңгээлдеги кызматташуу жыйынына жетекчилик кылды. Эки лидер андан кийин биргелешкен пресс- жыйын өткөрдү.

Президент Эрдоган сөзүндө : «Сириянын түндүгүндө өлкөбүздүн коопсуздугу менен Сириянын жеринин бүтүндүгүнө коркунуч туудура турган уюмга үнсүз кала албай тургандыгыбызды айттык»,- деди.

«Орусия менен орток түшүнүктүн негизинде улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудургандарды Сириядан чыгарууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Сирияда Конституциялык Комитетинин эң кыска убакытта ишке ашырылышы тууралуу чечкиндүүлүктөрүн да кайталашкандарын белгилеген президент : «Сирия жана аймактык маселелерге байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. АКШнын аймактан чыгуу чечимин карап чыктык. Идлиб жана аймактагы абалдарды сүйлөштүк. Алдыбыздагы мезгилде бирдикте таштай турган кадамдардан сөз кылдык»,- деди.

Орусиянын Түркиянын соода өнөктөштөрүнүн арасында үчүнчү орунда экендигин да билдирген Эрдоган энергетика тармагындагы Түркия- Орусия кызматташуусунун экономикалык карым- катнаштардын негизги элементтеринин бири экендигин айтты.

Түркиянын Орусиянын ракеталык коргонуу системасы С- 400дөрдү сатып алуусуна Вашингтон башкаруусунан келген сындарга байланыштуу берилген суроого болсо Эрдоган төмөнкүчө жооп берди : «3 -тараптын тынчын алабы албайбы? Биз эгемендүүлүгү шартсыз түрдө элине таандык бир өлкөбүз. Эгемендик укуктарыбыз боюнча бирөөлөрдүн үнөмдөөсүнө мүмкүнчүлүк бербейбиз.Анте турган болсок улут, мамлекет боло албайбыз. С- 400 тууралуу жол картабызды белгиледик, кадамыбызды таштадык. Баары бүттү, эми туруп алып бизге «баш тарт» дегендер демек бизди да таныбайт. Биз бул тууралуу келишим түзгөн болсок иш бүттү демек. Ошого жараша жолубузду улантабыз. Бул биздин эгемендик укугубуз. Мындан баш тартуубузду эч ким бизден талап кыла албайт».



Тектеш кабарлар