Түркия Йеменге үмүт болду

АФАД Йеменге 7 миң пакет тамак  - аш, 850 одеало жана 1000 даана мектеп балдары үчүн сумка алып барды.

1176381
Түркия Йеменге үмүт болду

Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгы АФАД Йеменге 7 миң пакет тамак  - аш, 850 одеало жана 1000 даана мектеп балдары үчүн сумка алып барды.

2015 -  жылдан бери күч алган Йемендеги кагылышууларда ушул күнгө чейин 29 миллиондук калктын 80 пайызын түзгөн 24 миллиону жардамга муктаж.

20 миллион киши ачкачылык коркунучу астында жашоо үчүн күрөшүп жаткан өлкөдө 17, 8 миллион киши таза сууга муктаж болуп, 19, 7 миллион киши да саламаттык сактоо боюнча тейлөөгө муктаж.

Йеменде ар бир 10 минутада бир бала түрдүү оорулардан же жетерсиз азыктануудан каза болууда.

Өлкөдө болуп жаткан адамзаттык трагедияны карап турбаган АФАД 4 ай мурда «Йеменге үмүт бол» деген ат менен баштаган гуманитардык жардам кампаниясынын негизинде ушул кезге чейин 7 миң тамак  - аш пакетин, 850 одеало жана 1000 мектеп сумкасын йемендиктерге алып барды.

АФАД жетекчилери Йеменде болгон адамзаттык кризисти карап турбай турган кишилерди кампанияга жардам берүүгө чакырды. Жетекчилер «ар бир 10 минутада бир баланын жашап калышы» үчүн сезимталдуу жарандардын «Йемен» жазып 1866ка смс жиберип 10 лира жардам бере аларын же АФАДдын интернет сайты аркылуу багыш бере аларын белгиледи.

БУУнун тамак  - аш жана айыл  - чарба уюму тарабынан жарыяланган «2019  глобалдык тамак  - аш кризиси отчетунда да Йемен өткөн жылы ачкачылык коркунучу менен бетме  - бет болгон өлкөлөрдүн башында орун алган.



Тектеш кабарлар