Түркия калкы шайлоодо

Түркия калкы жергиликтүү башкаруучуларды шайлап жатат.

1173825
Түркия калкы шайлоодо

Түркия калкы 5 жыл бою кызмат кыла турган жергиликтүү башкаруучуларды шайлаш үчүн шайлоо участкаларына бара баштады.

Бүгүн 2019-жылдын 31-мартында орто эсеп менен 57 миллион шайлоочу 194 миң 390 үкөктө өз добуштарын беришет. 

Жогорку шайлоо кеңешинин жарлыгына ылайык 12 партиянын талапкерлери ат салышууда. Алар; Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Көз карандысыз Түркия партиясы, Улуу биримдик партиясы, Жумурият элдик партиясы, Демократ партиясы, Демократиялык сол партия, Элдердин демократиялык партиясы, Ийи партия, Улуттук кыймыл партиясы, Саадет партиясы, Түркия коммунисттик партиясы жана Ватан партиясы.

Атуулдар "шаар башчыларын","муниципалитет башчыларын","шаардык кеңештин мүчөлөрүн","айыл өкмөт башчыларын жана аксакалдар тобун" шайлоо үчүн добуштарын берет.

Түркиянын чыгыш жагындагы белгиленген облустарда саат 7:00-16:00 арасында, калган облустарда саат 8:00-17:00 арасында добуш берилет жана добуш берүү убактысы аяктамайынча добуштар саналбайт.

Түркиядагы бардык медиа органдары саат 18:00гө дейре шайлоо тууралуу маалымат же сереп салууну жарыялай албайт.


Этикеткалар: #Түркия , #шайлоо

Тектеш кабарлар