Түркия террордук кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1172989
Түркия террордук кол салууну айыптады

Түркия Сомалинин баш калаасы Могадишодо болгон террордук кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Могадишодогу террордук кол салуудан көп сандаган кишинин каза болушуна жана жаракат алышына катуу капа болгондору белгиленди.

Билдирүүдө: «Бул канкор кол салууну катуу айыптайбыз, кол салууда каза тапкандардын жаткан жерлеринин жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилеп, дос жана тууган Сомали эли менен өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-делди.

Сомалинин баш калаасы Могадишодо кечээ бомба жүктөлгөн унаа менен болгон террордук кол салууда 11 киши көз жумуп, 10 киши жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар