Эрдогандын жаштар менен жолугушуусу социалдык медиада түз көрсөтүлдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган,борбор шаар Анкарада жолугушкан жаштардын маселерине жооп берди.

1172684
Эрдогандын жаштар менен жолугушуусу социалдык медиада түз көрсөтүлдү
erdogan atakule gencler1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Голан дөбөлөрүнүн 1967-жылдагы келишимдери менен БУУ тарабынан Сирияга таандык экендиги белгиленген жерлер экенин айтты.

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада жолугушкан жаштардын маселерине жооп берди.

Программа, Твиттер, Фейсбук жана Инстаграм сыяктуу социалдык медиа барактарынан түз-эфирде берилди.

Эрдоган, Голан дөңсөөлөрүн Израилдин территориясы катары тааныган АКШнын чечимине токтолду.

Голан дөңсөөлөрүнүн 1967-жылкы келишим менен БУУ тарабынан Сирияга таандык экени тастыкталган жерлер экенин жана Израилге эч тиешеси болбогонун билдирген Эрдоган: «Трамп «Жасадым болду» деп жатат. Сенин жасап койгонуң менен болбойт. Макрон менен сүйлөштүм, мага «сиз сыяктуу ойлоодомун» деди. Путин билдирүүсүн айтты. Трамптын таштаган бул кадамын БУУ жана Коопсуздук кеңешинен бекитилиши мүмкүн эмес. Биз Ислам Кызматташтыгы Уюмуна да алып чыгабыз»,-деп айтты.

Эрдоган, бул темада Булуңдагы мусулман өлкөлөрдүн чечкиндүү турумду көрсөткөнүнө да көңүл бурду.

Израилде 9-апрелде боло турган парламенттик шайлоо үчүн Трмаптын Беньямин нетаньяхуга колдоо көрсөткөнүн айткан Эрдоган: «Нетаньяху коррупцияга аралашкан адам. Трамп Нетаньяхуга колдоо көрсөтсөм аны куткарамын деп жатат. Куткарсаң эмне болот, куткарбасаң эмне болот? Жалгыз калсак дагы бул иштерди биз ар дайым байкайбыз. Биз түрк улуту катары өз чечимибизди орттого салып жолубузду улантабыз»,-деди.

Президент Эрдоган, Жаңы Зеландияда эки мечитке болгон жана 51 киши каза тапкан террордук кол салууга да токтолду.

Террордук уюм ДЕАШка мүчө бир кишинин бир чиркөөгө кол салган убагында батыштын дүйнөгө ызы-чуу салганына шилтеме кылган Эрдоган: «Андай болсо мында Батыштын үнү чыктыбы? Чыккан жок. Бул террористти жамандашкан жок. Шарли Хебдо окуясында да ошол эле Францияда бүткүл дүйнө лидерлери жолугушуп, бирге жүрүшкө чыгышты, айгай салышты. 51 мусулман ал жакта мечитте ибадат кылып жатканда шейит кылынды. Үн жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар