Лавров Түркияга келет
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 29 - мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Анталияда жолугушат.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 29 - мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Анталияда жолугушат.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Чавушоглу менен орусиялык кесиптеши Лавров 29 - мартта Анталияда өткөрүлө турган Түркия - Орусия Жогорку Деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешинин астыңкы бөлүгү Орток Стратегиялык Пландоо Группасынын 7 - жыйынына жетекчилик кылат.
Жыйында эки өлкөнүн карым - катнаштары менен бирге эл аралык абалдарга байланыштуу кенен түрдө пикир алышууларда болушу күтүлүүдө.
Жыйындын акырында Түркия республикасы менен Орусия федерациясынын тышкы иштер министрликтеринин арасында 2019 – 2020 - жылдардагы Кеңешүү Планына кол коюлат.
Президент Р. Т. Эрдогандын да Орусиянын президенти В. Путин менен жолугушуу үчүн 8 - апрелде Орусияга барары күтүлүүдө.