Түркия АКШдагы ахыска түрктөрүнө атуулдук берет

Мевлүт Чашушоглу, Антальяда Дүйнөлүк ахыска түрктөрү биримдигинин Жер Ортолук деңиздеги өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган иш-чарага катышты.

1161955
Түркия АКШдагы ахыска түрктөрүнө атуулдук берет

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШда жашаган жана АКШнын атуулдугун алган ахыска түрктөрүнө Түркия Республикасынын атуулдугу бериле турганын жарыялады.

Мевлүт Чашушоглу, Антальяда Дүйнөлүк ахыска түрктөрү биримдигинин Жер Ортолук деңиздеги өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган иш-чарага катышты.

Ахыска түрктөрү кайда кетишсе кетишсин ким болгондорун, салттарын, үрп-адаттарын, түрк жана мусулман экендиктерин унутпагандарын белгилеген Чавушоглу, айрым салт жана үр-адаттарын муундан муунга өткөргөндөрүн айтты.

Ахыска түрктөрүнүн жоомарт, убадага турган адамдар экенин белгилеген Чавушоглу, өздөрү да ушул убакка дейре ар дайым аларга колдоо көрсөткөндөрүн, аларга карай жакшы кызматтарды кылгандарын белгилеп өттү.

Чавушоглу, Ахыска аймагына барган атуулдарга үй алынганын, мечит, мектеп сыяктуу муктаждыктар камсыздалганын маалымдады.

АКШда жашаган жана АКШ атуулдугун алган ахыска түрктөрүнө кош атуулдук бере тургандарына басым жасаган Чавушоглу: «Тактап айтканда Түркия Республикасынын атуулдугун беребиз. Атуул болгусу келгендер менен тийиштүү иштерди Дүйнөлүк ахыска түрктөрү биримдиги менен биргелешип жасайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар