Эрдоган Арам Атешянга телефон аркылуу көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиядагы армяндардын патриархы Месроб Мутафяндын дүйнөдөн кайтканы боюнча патриахтын милдетин аткаруучу башкы эпископ Арам Атешянга телефон аркылуу көңүл айтты.

1159920
Эрдоган Арам Атешянга телефон аркылуу көңүл айтты

Түркиядагы армяндардын патриархы Месроб Мутафян, дарыланып жаткан Йедикуледеги Сурп Пыргыч армян ооруканасында көз жумду.

Армян фонддор биримдиги жана Сурп Пыргыч армян ооруканасы фондунун башчысы Бедрос Шириноглу, 63 жашындагы патриарх Мутафяндын бүгүн көз жумганын угузду.

Шириноглу, жаназа тууралуу кеңири маалыматтын кийинчерээк жарыялана турганын билдирип, армян жамаатына көңүл айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиядагы армяндардын патриархы Месроб Мутафяндын дүйнөдөн кайтканы боюнча патриахтын милдетин аткаруучу башкы эпископ Арам Атешянга телефон аркылуу көңүл айтты.

Президенттик байланыш бөлүмүнүн башчылыгынын жарыясына караганда Эрдоган, Түркиядагы армяндардын патриархы Месроб Мутафяндын дүйнөдөн кайтканы боюнча патриахтын милдетин аткаруучу башкы эпископ Арам Атешянга телефон аркылуу байланышып кайрат айтканы маалымдалды.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар