Түрк аскердик кемелери Украинада

«Көгүлтүр мекен  - 2019» машыгуусунун негизинде Одесса портуна барган аскердик кемелер белгилүү сааттарда элдин келип көрүүсүнө ачылат.

1158367
Түрк аскердик кемелери Украинада

 ТЖГ Барбарос фрегаты жана ТЖГ Марты чабуул коючу катери түрк деңиз күчтөрүнүн Кара деңиз, Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизинде биргелеше өткөргөн «Көгүлтүр мекен  - 2019» машыгуусунун негизинде Украинанын Одесса портуна якорь таштады.

«Көгүлтүр мекен  - 2019» машыгуусунун негизинде Одесса портуна барган аскердик кемелер белгилүү сааттарда элдин келип көрүүсүнө ачылат.

Кара деңизге жээктеш өлкөдө  7 портко бара турган түрк деңиз күчтөрү жалпы 40 портко барат жана республика тарыхында бир алгачкыны аткарат.

Түрк аскердик жетекчилер өлкө тышындагы порт жолугушууларынын достук жана тынчтыктын өнүгүшүнө маанилүү салым кошорун белгилешти.

«Көгүлтүр мекен  - 2019» машыгуусу ишенимди арттыруучу чаралардын негизинде Греция менен Түркиянын ортосунда жарыялануу менен ишке ашырылган машыгуулардын бири болуу өзгөчөлүгүнө ээ.



Тектеш кабарлар