Деби Ытно: «Терроризм заманыбыздын жана кылымдын чумасы»

Расмий сапар менен Анкарага келген Деби, президент Режеп Таййип Эрдоган менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1154309
Деби Ытно: «Терроризм заманыбыздын жана кылымдын чумасы»

Чаддын президенти Идрис Деби Ытно: «Терроризм заманыбыздын жана кылымдын чумасы»,-деди.

Расмий сапар менен Анкарага келген Деби, президент Режеп Таййип Эрдоган менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Идрис Деби Ытно, бул жердеги сөзүндө террорист экендиктерин билбеген адамдар менен келишим түзгөндөрүн Түркиянын жардамдары менен байкагандарын белгилеп, «Биргелешкен күрөш менен эки тараптын тең терроризмдин тамырынын жулунушун камсыздай турганын ойлоодомун. Бул тема заманыбыздын жана кылымдын чумоосу»,-деди.

Эки тараптын тең кызматташтыгын өнүктүрүү темасында көрсөткөн орток эркке ыраазы болгонун белгилеген Ытно, Түркияга министрлер жана жеке менчик сектордун өкүлдөрү менен бирге келгенине көңүл бурду.

«Абдан ийгиликтүү өткөн» жолугушууларда кызматташтыктын ар түрдүү тармактарга кантип жайыла ала турганын карагандарын түшүндүргөн Ытно, Түркия жана Чаддын ортосундагы учурдагы потенциалды билүү менен мүмкүнчүлүк жана ыңгайлуулуктарга баа бергендерин белгилеп, кол коюлган жаңы кызматташтык келишимдери менен эки өлкөнүн ортосунда мындан мурда кол коюлган келишимдерди жана коргонуу, талаа чарба, өнөр жай тармактарындагы кызматташтыкты күчтөндүргөндөрүнө басым жасады.



Тектеш кабарлар