Түркия-Сирия чек арасындагы коопсуз аймактын көзөмөлү Түрк тарабында болушу керек

Орусиянын маалымат барагы Спутникке маек куруп берген Чавушоглу, Сирия чек арасында курулуусу пландалган коопсуз аймак тууралуу суроого жооп берди.

1152310
Түркия-Сирия чек арасындагы коопсуз аймактын көзөмөлү Түрк тарабында болушу керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия-Сирия чек арасында курулуусу пландалган коопсуз аймактын көзөмөлүнүн Түрк тарабында болушу керектигин айтты.

БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйналышына катышуу үчүн барган Швейцариянын Женева шаарында Орусиянын маалымат барагы Спутникке маек куруп берген Чавушоглу, Сирия чек арасында курулуусу пландалган коопсуз аймак тууралуу суроого жооп берди.

Чавушоглу: «Бул жер дароо биздин чек арабыздын ары жагы, ошондуктан процессти Түркия башкарышы керек. Ал эми биз ар дайым Орусия менен иштештик жана Орусиянын коопсуздук мекмелери жана армиясы менен катар Москва менен иштешүүнү улантабыз»,-деди.

АКШнын Коргонуу министрлиги Пентагон болсо коопсуз аймак түзүш үчүн эл аралык күчтүн бир бөлүгү катары Сириянын түндүк чыгышында бир канча жүз аскер калтыра тургандарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар