Президент Эрдога менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Эрдоган Түркиянын стратегиялык өнөктөшү менен жакын карым  - катнаштарын улантууну каалагандыгын кайталады.

1150530
Президент Эрдога менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

 

 Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу маселелер менен Сирияда болгон акыркы абалдар каралып, саясий процесстин колдоого алынышынын мааниси баса белгиленип, террордун бардык түрүнө каршы күрөшүү боюнча орток чечкиндүүлүк баса белгиленди.

Сүйлөшүүдө Эрдоган Түркиянын стратегиялык өнөктөшү менен жакын карым  - катнаштарын улантууну каалагандыгын кайталады.

Эки лидер АКШнын Сириядан чыгуу чечиминин орток кызыкчылыктарга ылайык жана орток максаттарга зыянын тийгизбей тургандай түрдө ишке ашырылышында макулдашышты.
Эрдоган менен Трамп эки тараптуу экономикалык карым  - катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшү жана 75 миллиард долларлык соода максатына жетүү тууралуу макулдашышты.

Президент Эрдоган менен АКШнын президенти Трамптын ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүгө байланыштуу Ак үйдөн берилген маалыматта : «Эки президент потенциалдуу бир коопсуздук аймактын түзүлүшүнө байланыштуу координацияны улантуу тууралуу макулдашты»,- деген сөздөр орун алды.

Маалыматта буларга орун берилди : «Эки лидер эки тараптуу карым  - катнаштардын маанисин баса белгиледи жана Сирия маселеси менен АКШ – Түркиянын ортосундагы соода да болгон бир топ меселени карап чыгышты. Эки президент потенциалдуу бир коопсуздук аймактын түзүлүшүнө байланыштуу координациянын улантылышы тууралуу макулдашты жана АКШнын коргоо министринин өкүлү Патрик Шанахан менен башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Жосеф Данфорддун бул маселелердеги кошумча сүйлөшүүлөр үчүн бул жумада Вашингтондо түрк кесиптештери менен жолугушарын белгилешти».



Тектеш кабарлар