Түркия үчүн Кипр маанилүү

Кипрдин айланасында бургулоо иштери башталат.

1149850
Түркия үчүн Кипр маанилүү

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, алдыдагы күндөрдө Кипрдин айланасында 2 кеме менен бургулоо иштеринин баштала турганын билдирди.

Айдын облусунда иш дүйнөсүнүн жыйынында сөз сүйлөгөн Мевлүт Чавушоглу: «Кипр биз үчүн стратегиялык максат жана улуттук доо болуп саналат»,-деди.

Эгей деңизи, Чыгыш жер ортолук деңиз жана Кипрдин айланасындагы суутек байлыгынын Түркия үчүн стратегиялык максат жана улуттук тема экенин баса белгилеген Чавушоглу: «Эч качан Кипр түрк элинин жана Түркиянын укуктарын тебелеткен жокпуз, мындан кийин да тебелетпейбиз»,-деп айтты.

Алдыдагы күндөрдө Кипрдин айланасында эки кеме менен бургулоо иштеринин баштала турганын белгилеген Чавушоглу: «Мурда «Барбарос Хайреттин Паша» сейсмикалык изилдөө жүргүзүп жаткан. Эми бир платформабыз бар. Алания аймагында март айына чейин бургулоо иштерин жүргүзөбүз. Ал бүткөндөн кийин Кипрге барат. Жаңы платформабыз да келет. Кара деңизге бармак, аны да ал жерге багыттайбыз. Ал аймакта бизсиз бир нерсе жасалбай турганын бул жерге алыстан келгендер дагы, алардын ишканалары дагы көрсүн»,-деп айтты.

Чавушоглу Жер ортолук деңизде Түркиясыз эч нерсе жасалбай тураганын, буга уруксат бербей тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар