Түркия менен Молдованын ортосунда кимлик карточка менен саякат кылынат

Түркиянын Кишиневдогу элчиси Гүрол Сөкменсүер, Түркия менен Молдованын ортосундагы карым-катнаштарга баа берди.

1147802
Түркия менен Молдованын ортосунда кимлик карточка менен саякат кылынат

Түркия менен Молдованын ортосунда эки тараптуу кимлик карточка менен саякат кылуу эртеңден тарта башталат.

Түркиянын Кишиневдогу элчиси Гүрол Сөкменсүер, Түркия менен Молдованын ортосундагы карым-катнаштарга баа берди.

Сөкменсүер, эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган жана 2019-жылдын 19-февралынан тарта ишке ашырыла баштай турган келишимге караганда, атуулдардын жаңы чыккан чиптүү кимликтер менен Молдовада ар бир 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпагыдай түрдө визасыз кала ала турганын белгиледи.

Келишимге президент Режеп Таййип Эрдогандын 2018-жылы 17-октябрда Молдовагабарганда кол койгонун эске салган Сөкменсүер: «Келишим, Түркия менен Молдованын ортосундагы тууганча карым-катнаштардын жана стратегиялык өнөктөштүктүн так натыйжасы болду»,-деди.

Сөкменсүер, Түркиянын Молдованын атуулдарынын эң көп тандаган туризм багыты болгонуна көңүл бурду.



Тектеш кабарлар