Түркиянын чек араларынын түбүндө террордук түзүм пайда болушун көз жаздымда калтырбайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бурдурдун Республика аянтында элге кайрылды.

1147800
Түркиянын чек араларынын түбүндө террордук түзүм пайда болушун көз жаздымда калтырбайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын чек араларынын түбүндө террордук түзүм пайда болушун көз жаздымда калтырбай тургандарын белгилеп, эмнеси болсо да террор тилкесин кыйрата тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Бурдурдун Республика аянтында элге кайрылды.

Сөзүндө Сириянын түндүгүндө АКШ баш болгон батыштык өлкөлөрдүн колдоосу менен жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК колдонулуп түзүлгүсү келген террордук тилкеге токтолгон Эрдоган: «Түркиянын чек араларынын түбүндө террордук түзүм пайда болушун көз жаздымда калтырбайбыз, макулдук бербейбиз»,-деди.

Эрдоган: «Сиз (АКШ) туруп алып 22-23 миң фура Ирак аркылуу террористтерге курал берсеңиз. Биз акчасын берип сурасак дагы бербесеңиз. Бул кандай шериктештик? Манбиждин убада берилгени сыяктуу террордук уюмдардан тазаланышын күтүүдөбүз. Биз бул террордук түзүмгө бүгүн болбосо эртең сөзсүз оор сокку урабыз»,-деп айтты.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн операцияларда Сириянын түндүгүндө террордон тазаланган аймактарга сириялыктардын кайтууларынын уланып жатканына басым жасаган Эрдоган: «Ушул убакка дейре 310 миң сириялыкты коопсуз абалга айланткан аймактарга жөнөттүк. Манбиж жана Евфраттын чыгыш жагын да террордон тазалаганыбызда миллиондогон сириялык үйлөрүнө кайтат»,-деп айтты.

Түркиянын жалгыз каалоосунун акылуу күрөшүнүн урматталышы жана колдоо көрсөтүлүшү болгонун белгилеген Эрдоган: «Бул аймакта бир гана Түркияны каршысына эмес, жанына алгандар жеңет»,-деди.

Сөзүндө Орусиядан алына турган абадан коргонуу системаларына да токтолгон Эрдоган: «Эми чыгып алып (АКШлык жооптуу кызматтагылар) бизге С-400 системаларын албагыла дешүүдө. Эмнеге баш тарталы? Грециянын көп жылдардан бери С-300дөрү бар, аларга бир нерсе айтуудабы?»-деди.

Андан соң Ыспартанын Өкмөт аянтында уюштурулган митингде элге кайрылган Эрдоган, террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасап: «Түштүк чек арабызды террордон тазаласак, качкындар кайта ала турган коопсуз аймактарды курабыз, стратегияларбызды белгиледик. Бардык даярдыктарыбызды бүтүрдүк»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар