ФЕТӨ менен күрөшүүнү дүйнөнүн бардык жеринде чечкиндүүлүк менен улантабыз

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын,Стамбул Мэриясы баштаган «Эч жабылбаган китепкана» долбоорунун алкагында сөз сүйлөдү.

1146787
ФЕТӨ менен күрөшүүнү дүйнөнүн бардык жеринде чечкиндүүлүк менен улантабыз

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен күрөшүүнү дүйнөнүн бардык жеринде чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын айтты.

Стамбул Мэриясы баштаган «Эч жабылбаган китепкана» долбоорунун алкагында китепкана жана музейлер директорлугуна караштуу Карталдагы «Муаллим Жевдет» китепканасынын стамбулдуктарды 24 саат үзгүлтүксүз тейлей баштаганы боюнча программа уюштурду.

Программага катышкан Калын, бул жерде журналисттерге берген маалыматында ФЕТӨ менен күрөшүү темасында чечкиндүүлүктөрү так экенин айтты.

Калын: «Дүйнөнүн кайсы жеринде болсо болсун, эң жогорку баскычынан эң астыңкы баскычына чейин бул чыккынчылык бандасына каршы күрөшүүбүз чечкиндүү түрдө уланат»,-деди.

Калын: «Бүгүнкү күнгө дейре дүйнөнүн көп сандаган өлкөсүндө абдан маанилүү жолду басып өттүк. Дос жана шериктеш өлкөлөр бул ФЕТӨ террордук уюмунун бир гана Түркияда эмес, ал өлкөлөрдө да кандай чоң коркунуч жаратканын түшүнө башташты. 20 чакты өлкөдө ФЕТӨ мектептери жабылды же Түрк маариф фондуна өткөрүлүп берилди»,-деп айтты.

ФЕТӨнүн диний, коомчулук жана саясий жактан тийгизген зыяндарынын эми ар ким тарабынан билингенин маалымдаган Калын: «Бул жалган, чыккынчы жана жолдон адашкан бандага каршы күрөшүүбүз чечкиндүүлүк менен ар тараптуу уланат»,-деп айтты.


Этикеткалар: #ФЕТӨ , #Ибрахим Калын

Тектеш кабарлар