Харранда 9 кылымдык дары шишеси табылды

Шанлыурфадагы Харран уранды жеринде жүргүзүлгөн казууларда ортоңку кылымдан калган 9 кылымдык чоподон жасалган дары шишеси табылды.

1145470
Харранда 9 кылымдык дары шишеси табылды

Дүйнөнүн эң эски отурукташуу жерлеринен Шанлыурфадагы Харран уранды жеринде жүргүзүлгөн казууларда ортоңку кылымдан калган 9 кылымдык чоподон жасалган дары шишеси табылды.

ЮНЕСКОнун  дүйнөлүк мурас убактылуу тизмесинде орун алган, Харран уранды жериндеги казуу аянтында ортоңку кылымдан калган 9 кылымдык, чоподон жасалган жана үстүндө бүгүн медицинанын символу болгон бири бирине чырмашкан эки жылан болгон дары шишеси ортого чыгарылды.

Харран университетинин археологиялык бөлүмү жана Харран уранды жеринин казуу тобунун башчысы профессор доктор Мехмет Өнал байыркы табылгаларга караганда Харрандын тарыхта маанилүү бир медициналык борбор катары кабыл алынгандыгына көңүлдөрдү буруп, бул жылы да медицина билимин кызыктырган абдан маанилүү бир табылгага кездешкендерин белгиледи. Өнал казууларда ортоңку кылымдан калган 9 кылымдык бир дары шишесинин чыгарылгандыгын айтып : «Шише табылган катмар биздин замандын 12 -  кылымына таандык. Ал да зенгилер мезгилине туш келүүдө. Бул жерде дарынын чыгарылгандыгы жана бул шишелерге куюлуп ал жерден сатылгандыгы тууралуу жыйынтыкка бардык. Дары чыгарылган жана сатуу жери болушу жактан абдан маанилүү»,- деди.

9 кылымдык дары шишеси, Гөбеклитепеден чыгарылган чыгармалар да орун алган «Түркиянын эң чоң музейи» номинациясына ээ Шанлыурфа музей комплексинде көргөзмөгө чыгарууга даярдалууда.

Президент Р. Т. Эрдоган тарабынан Балыклыгөл отурукташуу жерине жакын 200 гектардык аянтта 2015 -  жылы зыяратка ачылган музейде 70 миңден ашуун чыгарма бар.



Тектеш кабарлар