Түркиянын демилгеси менен Сирияда туткун айырбаштоо ишке ашты

Түркия, Сирия үчүн түзүлгөн Жумушчу топтун иштеринин улантылышын каалайт.

1144529
Түркиянын демилгеси менен Сирияда туткун айырбаштоо ишке ашты

Түркия, Сирия үчүн түзүлгөн Жумушчу топтун иштеринин улантылышын каалайт.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Сирияда режим жана оппозициячылдардын Астана процессинин алкагында экинчи жолу кармап алган кишилерди бир убакта эркин кое берүү тууралуу, Астана процессинин алкагында Түркия, Орусия жана Иран менен катар БУУнун катышуусу менен түзүлгөн «Жумушчу топтун» иштерин алдыдыагы мезгилде да уланта турганына басым жасалды.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, Астана процессинин алкагында Түркия, Орусия жана Иран менен катар БУУнун катышуусу менен түзүлгөн «Мажбурлап кармалып кеткен/ уурдалган кишилердин эркин кое берилиши, сөөктөрдүн айырбашталышы жана жоголгон кишилердин эмне болгонунун белгиленишине карай жумушчу тобунун» алкагында даярдалган 2-долбоордун аклагында, Сирияда оппозициячыл топтор жана режим тарабынан кармалган айрым кишилердин, бүгүн оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Бабдын түштүгүндөгү Абу Зиндин аймагында эки жактуу түрдө жана бир убакта эркин кое бериле турганын эске салды.

Анда: «Жумушчу тобу иштерин алдыбыздагы күндөрдө да улантат»,делди.

Түркия, Орусия жана Иран 14-февралда Сочиде боло турган саммиттин алдында режим жана оппозициячылдар, бүгүн Түркия жана Орусиянын кепилдигинде Баб районунун түштүгүндө, фронт сызыгындагы Абу Зиндин аймагында эки жактуу түрдө 20дан кишини кое берди.

Режим күчтөрү 20 эркекти кайтарып алса, оппозициячылдардын талабы боюнча 20 кишиге кошумча 2 баланы да эркин кое берди.

Астана келишими менен түзүлгөн Кармалгандар боюнча жумушчу топтун «пилот долбоор» деп мүнөздөлгөн символдук айырбаштоосу тууралуу 30-31-июлда Сочиде өткөрүлгөн 10-Кепилдер жыйналышында чечим чыгарылган.

Алгачкы айырбаштоо 2018-жылы 24-ноябрда ишке ашып, эки тараптуу түрдө 10дон кишини эркин кое берген.

Асад режиминин абактарында эң аз 500 миң кишини кармап турганы белгилүү.

Айырбаштоонун Түркиянын элдик дипломатия иш-чараларынын алкагында таштаган кадамдарынын натыйжасында ишке ашканы белгиленген.



Тектеш кабарлар