Стамбулдун символдору сыя-көк түс менен жарыктандырылды

Кечээ Дүйнөлүк эпилепсия күнү белгиленди.

1143470
Стамбулдун символдору сыя-көк түс менен жарыктандырылды

Стамбулдун символдорунан 15-Июль Шейиттер көпүрөсү, "Фатих Султан Мехмет" көпүрөсү жана "Явуз Султан Селим" көпүрөсү кечээ Дүйнөлүк эпилепсия күнүнөн улам сыя-көк түс менен жарыктандырылды.

Түрк эпилепсияга каршы күрөшүү коому бул илдет тууралуу коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ишке ашырган «Эпилепсия үчүн туура көз караш менен кара» долбоорунун алкагында көпүрөлөр сыя-көк менен жарыктандырды.

Коомдун билдирүүсүндө, бул долбоордун максаты нейрологиялык оорулардын арасында эң көп катталган эпилепсия жөнүндөгү туура эмес маалыматтарды жоюу жана аны менен ооругандардын коомчулук менен байланышуусун камсыздоо экени белгиленди.



Тектеш кабарлар