Сирияда Манбиж жана Евфраттын чыгыш жагынын көзөмөлү Түркияда болушу керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, борбор калаа Анкарадагы кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1138639
Сирияда Манбиж жана Евфраттын чыгыш жагынын көзөмөлү Түркияда болушу керек

 

Түркиянын Сирияда Манбиж жана Евфрат дарыясынын чыгыш жагындагы негизги күтүүсү аймактын көзөмөлүнүн өзүндө болушу...

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, борбор калаа Анкарадагы кабинет жыйналышынан кийинки маалымдоосунда, «Манбиж жана Евфраттын чыгыш жагында да (Идлибге) окшогон моделдин ишке ашырылышы үчүн биздин негизги күтүүбүз бул жердин көзөмөлүнүн Түркияда болушу»,-деп айтты.

Калын аймактан Түркияга карай кандайдыр бир коркунучтун, рисктин кайрадан пайда болушуна эч качан уруксат берилбей тургандарын да белгиледи.

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын, Түркия менен АКШнын ортосундагы Манбиж жол картасы тууралуу суроого, «Эки шериктеш катары эми жол картасынын ылдам, дагы көп кечигүү болбостон жүзөгө ашырылышы, эки тараптуу карым-катнаштарыбыздын жана аймактын коопсуздугу жана ошондой эле Сириядагы процесс жагынан абдан маанилүү»,-деди.

Калын, АКШ менен «Коопсуз тилке» темасында келишим бар экени жөнүндөгү жаңылыктардын чындыкка жатпаганын, бул темада сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Биздин оюбузча Асад режими, мыйзамдуулугун жоготкон жана келечек боюнча убада берүүдөн алыс режим»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар