Түркиянын чечкиндүү позициясы Сауд Арабияны кылмышты моюнга алууга аргасыз кылды

Чавушоглу, Стамбулда «Бейоглу жолугушууларынын» алкагында уюштурулган жыйналышка катышты.

1137890
Түркиянын чечкиндүү позициясы  Сауд Арабияны кылмышты моюнга алууга аргасыз кылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын чечкиндүү позициясы менен Сауд Арабиянын журналист Жемал Кашыкчы (Жамал Хашогги) кылмышын моюнга алууга аргасыз болгонун айтты.

Чавушоглу, Стамбулда «Бейоглу жолугушууларынын» алкагында уюштурулган жыйналышка катышты.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Чавушоглу, 2-октябрда баш кошуу катталуусун жасатыш үчүн Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугуна барган жана ал жерде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн саудиялык журналист Кашыкчы кылмышына токтолду.

Министр Чавушоглу, Түркиянын көөшөрүү менен уланткан ачык саясаттарынан улам сауд арабиялык жооптуу кызматкерлер кылмышты моюнга алууга аргасыз болушканын маалымдады.

«Сауд Арабиянын Жемал Кашыкчы туурасындагы баштапкы билдирүүлөрүнүн оюн жана арзан тактика экенин көрдүк»,-деп айткан Чавушоглу: «Саясаттарыбыз аркылуу Сауд Арабия кылмышты моюнга алды. Бирок жаза кайда? Бул киши өлтүрүлдү, бирок анын сөөгү жок. Эмне кылышты? Эң акырында Сауд Арабиянын башкы прокурору жергиликтүү кошоматчыдан сөз кылды. Анда жергиликтүү кошоматчы ким? Бул жерде кызык нерсе бар. Жергиликтүү кошоматчынын робот сүрөтүн жибере турганын айтышты. Эмне үчүн робот сүрөт? Эгерде бир жергиликтүү кошоматчы бар болсо, ысымы ким? Ким жана кимдер? Ким өлтүрдү, кантип өлтүрдү? Буларды билебиз. Бул темада элдин баарына адам укуктары сабагын берүүгө аракет кылган өлкөлөр бул окуяны жаап жашырууга далалаттанууда. Акчаны көргөн батыштык өлкөлөр үн катпай калышты. Анткени тынымсыз саудиялыктар менен келишимдерге кол коюп жатышат, курал сатууда аларга. Тилекке каршы дүйнө эки жүздүү»,деген серебин салды.

Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси жана Кудс маселесин да жакындан байкап жаткандарын айткан Чавушоглу: «Акыркы 1,5 жылда таштаган кадамдарыбыз менен АКШ жана Израилдин саясаттарынын жаңылыш болгонун бүткүл дүйнөгө тастыктадык. Бирок БУУнун чечимдери жетпейт. Биргелеше кадамдар таштап, бул маселени да кылдат байкоону улантабыз»,-деп айтты.

Жакынкы Чыгыш маселесинин Перс булуңу аймагындагы абалдар менен башкача абалга келгенине токтолгон Чавушоглу: «Тилекке каршы Араб дүйнөсүндөгү өз араларындагы ар башка көз караштардын себебинен ар башка саясаттар жүргүзүлгөнүн да көрүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар