Түркиянын тынчын алгандарды аймакта жашатпайбыз

Президент Эрдоган, Ирактын түндүгүнө жүргүзүлгөн операция тууралуу маалымат берди.

1133836
Түркиянын тынчын алгандарды аймакта жашатпайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын тынчын алгандарды аймакта жашатпай тургандарын айтты.

Эрдоган кечээ Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партиянын) Газиантеп облус башчылыгы уюштурган уюмдун тамагында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган,кечээ Ирактын түндүгүндө Түрк Куралдуу күчтөрүнө таандык база аймагына карай жикчил террор уюму ПКК тарабынан болгон кол салуу тууралуу,"Биз буларды Жуди үңкүрлөрүндө талкаладык. Габарда,Тендүректе,Кандилде талкаладык. Мына бүгүн кайра Ирак тарапта жаңылыштык кылууга аракет кылышты. Учактарыбыз учту, учкучсуз учуучу аппараттарырбыз, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз учту жана андан кийин бардыгы тарпы чыгып,таркаганга аргасыз болду. Биз аларды ийиндеринде муунтабыз",-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар