Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда террордук уюм ЙПГ/ПККнын жайгашкан жерлерин атты

Пушкалар менен атылгандан кийин уюмдун катарындагы көп сандаган террорист жок кылынганы билдирилди.

1133981
Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда террордук уюм ЙПГ/ПККнын жайгашкан жерлерин атты

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК), Сириянын түндүгүндө Азез жана Маре фронт багыттарындагы террордук уюм ЙПГ/ПККнын жайгашкан жерлерин атты.

Алынган маалыматка караганда Азездин түштүгүндө жана Маренин түштүк жана батыш жагындагы жерлерди басып алган террордук уюм ЙПГ/ПКК менен Эркин Сирия армиясынын (ЭСА) ортосунда кечээ түнү алыс аралыкка атуучу куралдар менен атышуу болду.

Анда ЭСА тарабында 1 киши каза таап, 3 киши жаракат алды.

Ок атышуудан кийин Евфрат калканы кыймылы болгон аймакта жайгашкан ТККнын бөлүктөрү, фронт багыттарында ЙПГ/ПКК террордук уюмга таандык буталарга пушкалар менен 20дан көп ок атты.

Пушкалар менен атылгандан кийин уюмдун катарындагы көп сандаган террорист жок кылынганы билдирилди.

ТКК бөлүктөрү, Тель-Рыфатка уя салган уюмдун буталарына карай 23-январда 5 жолу, 24-январда 12 жолу жана 25-январда 20дан көп жолу пушка менен атты.

Килис облусунун маңдайында Сириянын жерлеринде орун алган Азез жана Маре фронт багытында, ЭСА менен террордук уюм ЙПГ/ПККнын ортосунда убак-убагы менен кагылышуулар болууда.



Тектеш кабарлар