Р. Т. Эрдоган : "Идлибде террордук уюмдарга каршы бирдикте күрөшүү улантылат"

Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин кечээ Кремлде жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

1132186
Р. Т. Эрдоган : "Идлибде террордук уюмдарга каршы бирдикте күрөшүү улантылат"

 

 Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб шаарында террорго каршы Түркия жана Орусиянын күрөшүнүн бирдикте улантыларын айтты.

Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин кечээ Кремлде жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Путин менен өзгөчө Сириядагы абалды карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын белгилеген Эрдоган : «Керек болсо Идлиб макулдашуусунун керек болсо төрттүк Сирия саммитинин жыйынтыктарынын ишке ашырылышын иликтедик. Идлиб жана аймактагы абалдарды карап чыктык. АКШнын аймактан чыгуу чечими тууралуу баа бердик. Түркия жана Орусиянын кызматташуусу Сириянын тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулугу жактан маанилүү. Жакын диалогубуз жана кызматташуубуздун саясында көптөгөн ийгиликке, көптөгөн оң абалдарга жетиштик. Орусиялык досторубуз менен координациябызды күчтөндүрүүдө чечкиндүүбүз. АКШнын аймактан чыгуу процессинде террордук уюмдар колдоно ала турган бир боштуктун болбошу абдан маанилүү. Бул тууралуу баа берүүлөрүмдү Путин менен бөлүштүм. Түркия катары бир гана максатыбыздын ДЕАШ жана ЙПГ/ПЙД сыяктуу террордук уюмдарды тазалоо экендигин айттым. Буларды кимдин колдоого алгандыгын, кимдин провакация кылгандыгын билебиз. Түркия  - Орусия кызматташуусун бузууну максат кылган террордук уюмдарга каршы да биргелешкен күрөштүн керек экендигин айткым келет»,- деди.

Президент Эрдоган бир журналисттин Идлиб жана Сирия Конститутцялык Комитетинде акыркы абал тууралуу берген суроосуна төмөнкүчө жооп берди : «Урматтуу досум керек болсо Идлиб, керек болсо Конституциялык Комитет тууралуу жоопту абдан ачык  берди. Идлибде террордук уюмга каршы күрөшүбүз бирдикте улантылат. Террордук уюм менен болгон күрөштү улантабыз. Себеби максатыбыз ал жерде Сирия калкынын тынчтыгын, бейкуттугун түзүү жана ал жерде аларга көз ачтырбоо. Бул тилектештигибизди тактадык. Конституция  Комитети маселесине келе турган болсок бул маселени да арабызда сүйлөштүк жана тышкы иштер министрлерибизге айттык».

Жолугушууда сириялык качкындардын кайра кайтуу маселесине да токтолушкандарын айткан Эрдоган : «4 миллионго жакын качкынга кучак ачкан өлкө катары бул маселе бизди жакындан кызыктырууда. Керек болсо Евфрат калканы, керек болсо Зайтун бутагы операциялары менен террордон тазалаган жерлерге ушул күнгө чейин  300 миң сириялык кайра кайтты. Афринден Жараблуска чейин 4 миң километр квадраттык аянтта сириялык бир туугандарыбыз террор коркуусунан алыс, ишенимдүү жана тынчтык ичинде турмушун улантууда. Кайра кайтуулардын алдын ачкан бул моделди Евфраттын чыгышында да ишке ашыру керек»,- деди.  

Президент Эрдоган : «Алдыдагы айда урматтуу Руханинин да катышуусу менен жаңы бир үчтүк саммиттин Орусияда өткөрөбүз. Өзгөчө муну менен бирдикте  Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кеңеш жыйыныбызды өткөрөбүз»,- деди.

Журналисттердин суроолоруна да жооп берген Р. Т. Эрдоган бир журналисттин : «Коопсуз аймак тууралуу АКШ менен өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө так бир өзгөрүү барбы? Бул маселе жолугушууда күн тартибине келдиби? Күн тартибине келген болсо маалымат бере аласызбы?»,- деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди :  «Коопсуз аймак тууралуу эң башта лидерлер жана тийиштүү министрлерибиз сүйлөшүүлөрүн улантышууда. Албетте бул тууралуу биз үчүн коркунуч туудурган аймактардын жоопкерчилиги чоң маагиге ээ жана биз бул коркунуч туудурган аймактарда чара көрүүдөбүз, Америка бул тууралуу оң мамилесин бизге билдирди. Ал да билгенибиздей 30 – 32  километрге жакын ичкеридеги бир аймак. Бул тууралуу ансыз да биздин Орусия менен эч бир келишпестигибиз жок. Бул коопсуз аймак маселеси террордон тазаланган аймак. Муну мындан кийинки процессте да  тышкы иштер, коргоо министрликтерибиз, чалгындоо уюмдарыбыз үзгүлтүксүз сүйлөшүү менен бул тууралуу жоопкерчиликтерибизди сактайбыз».



Тектеш кабарлар