Яшар Гүлер менен Хулуси Акар Жосеф Данфордго көңүл айтты

Армиянын генералы Яшар Гүлер Хулуси Акардын бардык жардамды берүүгө даяр экендигин айтканын да белгиледи.

1127618
Яшар Гүлер менен Хулуси Акар Жосеф Данфордго көңүл айтты

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер америкалык кесиптеши армиянын генералы Жосеф Данфордго Сириянын Манбиж аймагында кечээ болгон кол салууда каза болгон Америка аскерлери үчүн көңүл айтты.

Яшар Гүлер менен Данфорддун ортосунда Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабында басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда аймактагы акыркы абалдар менен Сириядагы кызматташуу темалары каралды.

Жолугушууда Манбижде каза болгон АКШ аскерлери үчүн көңүл айткан армиянын генералы Гүлердин улуттук коргоо министри Хулуси Акардын көңүл айтуусун да билдирди.

Армиянын генералы Яшар Гүлер Хулуси Акардын бардык жардамды берүүгө даяр экендигин айтканын да белгиледи.

 



Тектеш кабарлар