Сириядагы ыктымалдуу коопсуз аймак долбоорунда жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК орун албайт

Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1126181
Сириядагы ыктымалдуу коопсуз аймак долбоорунда жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК орун албайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириядагы ыктымалдуу коопсуз аймак долбоорунда жикчил террор уюму ПККнын бул өлкөдөгү уландысы ЙПГ/ПККнын орун албай турганын айтты.

Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен кечээ болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө күн тартипке келген Сирияда коопсуз аймак түзүлүүсү пикирине токтолду.

Түркиянын бул пикирди АКШнын мурдагы президенти Барак Обамага да сунуштаганын баса белгилеген Эрдоган: «АКШ Сирияда аба мейкиндиги көзөмөлүн ишке ашырса биз кургактыкта бардык коопсуздукту колго алабыз дегенбиз. Обама бул темада керектүү кадамдарды таштаган жок. Обаманын бул мамилеси 30 км ичкериси болчу. Мен да туура деп тапкан тема. Бул теманын үстүндө иштей алабыз. Бул 20 чакырым дагы узартыла алат»,-деди.

Түркиянын Турак жай менен топтуу түрдө камсыздоо башкармалыгы аркылуу бул иштин ичине кире ала турганын белгилеген Эрдоган: «Логистикалык жактан материалдык колдоолорду да бизге берсе, ушундай коопсуз аймакты бүтүргөн болобуз. Бул көчтү да токтотот»,-деп айтты.

Ал эми коопсуз аймактардын террористтерге калтырыла албай турганына басым жасаган Эрдоган: «ЙПГ/ПКК ушундай долбоордун ичинде орун албайт, алар террорист. Коалициялык күчтөр менен бирге иш-аракет кылынат»,-деди.

Сирия маселеси темасында Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани менен үчтүк сүйлөшүүнүн күн тартипте болгонун айткан Эрдоган: «Орусия сапары чоң ыктымалдуулук менен бул айдын жыйырма үчүндө ишке ашат»,-деди.



Тектеш кабарлар