Түркия жана Венесуэланын ортосундагы карым-катнаштарды кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн табабыз

Президенттин орун басары Фуат Октай, Венесуэланын президенти Николас Мадуронун ант берүү аземине катышуу үчүн ал өлкөгө барды жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

1123084
Түркия жана Венесуэланын ортосундагы карым-катнаштарды кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн табабыз

Президенттин орун басары Фуат Октай, Венесуэланын президенти Николас Мадуронун ант берүү аземине катышуу үчүн ал өлкөдө...

Фуат Октай: «Урматтуу Мадуронун ант берүү аземинен улам Түркия жана Венесуэланын ортосундагы карым-катнаштарды кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн табабыз»,-деди.

Венесуаланын борбор шаары Каракаска барган Октай, «Симон Боливар» аэропортунда Венесуэланын тышкы иштер министри Жорж Арреаза жана пландоо министри Рикардо Менендес тарабынан тосулуп алынды.

Октай, аэропорттогу сөзүндө эки өлкөнүн карым-катнаштарынын акыркы убакта өнүгүп жатканын, буга ыраазы болгондорун белгиледи.

Президент Режеп Тапййип Эрдогандын Венесуэлага жасаган сапарындагы өкмөттөр аралык жолугушуунун эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды абдан илгерилеткенин айткан Октай, бул иштердин кайрадан каралышы жана өзгөчө Мадуронун ант берүү аземинде Түркияны жана президент Эрдоганды өкүлдүк кылыш үчүн Каракаска келгендерин айтты.

Мадуронун элдин демократиялык добуштар менен кайрадан кызматка келишинин Венесуэла калкы үчүн дагы Венесуэла үчүн дагы жакшы күндөрдүн кабарчысы болгонуна басым жасаган президенттин орун басары Октай: «Урматтуу президентибиздин саламдарын Венесуэла калкына жеткиремин. Урматтуу Мадуронун ант берүү аземинен улам Түркия жана Венесуэланын ортосундагы карым-катнаштарды кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн табабыз»,-деп айтты.

Бул учурда Фуат Октай, мейманканада Боливиянын мамлекет башчысы Жуан Эво Моралес Айма менен жолукту.

Түркиянын өткөн жылы Боливияда элчилик ачышы менен карым-катнаштарда маанилүү жылыштар болгону белгиленген жолугушууда, Боливиянын да 2019-жылдын ортосунда Түркияда элчилик ачуу темасында макулдашылды.

Көптөн бери пландалган Түркия-Боливия Өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын жыйналышынын эң кыска убакта өткөрүлүшү темасында да макулдашылган жолугушууда, коргонуу өнөр жайы баш болгон бир топ тармакта жакын кызматташтыктын арттырылышынын маанисине токтолду.

Жолугушууда Моралес, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүүсүндө Түркияга толук колдоо көрсөткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар