Шериктеш дегенде АКШнын оюна эң оболу Түркия келиши керек

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, партиясынын Борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берди.

1121919
Шериктеш дегенде АКШнын оюна эң оболу Түркия келиши керек

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркиянын коопсуздук маселелеринин кандайдыр бир түрдө убакыт менен ойногонго, процессти узартууга, соодалашууга ачык эместигин айтты.

Өмер Челик, партиясынын Борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышынан кийин берген маалыматында шериктеш дегенде АКШнын оюна эң оболу Түркия келиши керектигин билдирип, «Бирок бир торрор уюмун «шериктешибиз» деп айтуулары чоң сынуу болуп саналат»,-деди.

Түркия Республикасы мамлекетине «күрттөргө тийишпегиле» деген ким бар болсо өздөрү күзгүнү карашы керектигине басым жасаган Челик: «Алар күрттөргө кылган зулумдукту эстешсин. Түркия Республикасы Мамлекети аймактагы күрттөрдүн да, арабдардын да, түркмөндөрдүн да досу болуп саналат. Тарых көрсөтүп турат көпчүлүк убакта бул элдердин жалгыз досу Түркия болгон. Муну унутпаш керек, эч ким, бирок эч ким күрт туугандарыбызды коргоо темасында Түркия Республикасына сабак бере албайт. Күрттөрдүн эң чоң досу, ал эмес жалгыз досу Түркия Республикасы. Түркиянын коопсуздук маселеси кандайдыр бир түрдө убакыт менен ойногонго, процессти узартууга, соодалашууга ачык эмес. Бир түнү капыстан ал жерге (Евфрат дарыясынын чыгышына) кирип барабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар