Түрк аба жолдорунда кээ бир каттамдар токтотулду
Калың кар жаашынан улам ички каттамдарда 4, тышкы каттамдарда 9 каттам ишке ашпайт.
1120540
Стамбулда калың кар жаашы менен Түрк аба жолдорунун Ататүрк аэропортунан уча турган ички каттамдарда 4, тышкы каттамдарда 9 каттам ишке ашпайт.
Калың кар жаашынан улам Түрк аба жолдорунун каттамдарында кээ бир түзөтүүлөр болду. Ушунун негизинде Түрк аба жолдорунун Ататүрк аэропортунан аткарууну пландаган ички каттамдарда Орду – Гиресун, Синоп, Анталья жана Газиантеп менен тышкы каттамдарда Одесса, София, Кишинев, Мальта, Харьков, Салоники, Дубровник, Белград жана Скопия тарифтүү каттамдары токтотулду.