Түрк жана АКШ делегациясы ФЕТӨ тууралуу сүйлөштү

Түрк жана АКШлык жетекчилер ФЕТӨ тууралуу териштирүүлөрдүн негизинде кечээ Анкара адилеттик сарайында жолугушту.

1119416
Түрк жана АКШ делегациясы  ФЕТӨ тууралуу сүйлөштү

АКШ делегациясы Фетуллахчы террордук уюмга карата териштирүүлөрдү сүйлөшүү үчүн Түркияда.

Түрк жана АКШлык жетекчилер ФЕТӨ тууралуу териштирүүлөрдүн негизинде кечээ Анкара адилеттик сарайында жолугушту.

Бул жердеги сүйлөшүүгө Террордук кылмыштарды териштирүү бюросунан жооптуу Анкара республикалык башкы прокурорунун өкүлү Рамазан Динч, ошол эле бюродо кызмат кылган республика прокурору Али Алпер Сайлан, адилеттик министрлигинен кээ бир кызматкерлер менен федералдык териштирүү бюросунун жетекчилери да араларында болгон АКШ делегациясы катышты. Делегациялар 11 сааттан ашуун убакыт иштешти.

Иш алып баруунун бир бөлүгүндө ФЕТӨнүн 2016 -  жылы 15 -  июлдагы козголоң учурунда Акынжы базасында экендиги белгиленген жана камоого алынган, уюмдун «жарандык имамдарынан» Кемал Батмаз жандармерия тарабынан сот залына алып келинди. Батмаздан кээ бир суроолор суралды.

Батмаздын кээ бир суроолорго : «Бул тууралуу бир нерсе айткым келбейт»,- деп жооп берген сүйлөшүүдөн кийин эки кишинин дагы телеконференция системасы аркылуу тергөөгө алынгандыгы белгиленди.

Бул сүйлөшүүлөр менен АКШ делегациясынын ФЕТӨгө карата териштирүүлөр каралган министрлик деңгээлиндеги делегациялар аралык сүйлөшүү саны алтыга жети.  



Тектеш кабарлар