Пакистан менен карым - катнаштар коргонууда эң жогорку чегине жетти

Пакистандын премьер  - министри Имран Хандын Түркияга жасай турган биринчи расмий сапарынын экономикалык жана соода карым – катнаштары тууралуу кызматташтыкта жаңы тармактардын ачыларына салым кошору күтүлүүдө.

1117638
Пакистан менен карым  - катнаштар коргонууда эң жогорку чегине жетти

Пакистандын премьер  - министри Имран Хандын президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга жасай турган биринчи расмий сапарынын экономикалык жана соода карым – катнаштары тууралуу кызматташтыкта жаңы тармактардын ачыларына салым кошору күтүлүүдө.

Акыркы 10 жылда Түркиянын Пакистанга жасалган экспортто маанилүү өсүүнүн болгондугу байкалды. Пакистанга экспорт 2008 -  жылы 155 миллион доллар болгон болсо бул сан 2017 -  жылы 127 пайыздык өсүү менен 352 миллион долларга жогорулады.

Түркиянын Пакистандан алган импорту болсо бул мезгилде 586 миллион доллардан 45 пайызга азайып 323 миллион долларга артка кеткен. Пакистандын Түркияга экспорту 873 миллион доллар менен 2011 -  жылы эң жогорку деңгээлге чыгып, кийинки жылдарда бул сандарда төмөндөө улантылган.

Бул жылдын 11 айында Пакистанга 415 миллион долларлык экспорт жасалып, бул сан акыркы 10 жылда Пакистанга жасалган эң жогорку экспорт катары каттоого өттү. Пакистандан келген импорт бул мезгилде 305 миллион доллар болуп белгиленди.

Түркиянын Пакистанга экспорттогон продукцияларынын арасында машиналар, механикалык аппараттар жана электрдүү машиналар, пахта кездеме, пластикалык продукциялар, жасалма материалдардан жасалган буюм, телефон аппараттары, килем, алюминийден жасалган бумдар, химиялык заттардан турат.

Пакистандын Түркияга жасаган экспортуна каралганда пахта кездеме, алкоголсуз ичимдиктер, уксус, кийим -кечелер жана кооздук буюмдар көңүлдөрдү бурууда.

Түркия жана Пакистандын ортосунда коргонуу өнөр жайындагы болгон карым  - катнаштар болсо «Атак» чабуул коючу тик учар жана Улуттук кеме МИЛГЕМ тууралуу миллион долларлык келишимдер менен 2018 -  жылы алтын доорун жашады.

Жылдын ичинде Түркиядан Пакистанга 30 даана Т129 «Атак» чабуул жана тактика чабуул тик учарынын сатылышына карата келишимге кол коюлду. Бул сатуу менен бирге логистикалык, запас тетик, машыктыруу жана ок  - дары тармагында кенен бир келишим боюнча макулдашуу түзүлдү. Бул келишим менен Түркия республикасы тарыхында бир жолкуда жасалган эң ири коргонуу өнөр жай экспортун ишке ашырган болду.

Түркия өзгөчө Пакистан деңизде күйүүчү май жүктөө кемесинин (PNFT) курулушун ийгиликтүү аяктап октябрь айында Пакистан деңиз күчтөрүнө тапшырды.



Тектеш кабарлар