Президент Р. Т. Эрдогандын жаңы жылдык куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын террор менен күрөшүүдө тарыхынын эң чоң ийгилигине жетишкен жылды артта калтыргандыгын белгиледи.

1116592
Президент Р. Т. Эрдогандын жаңы жылдык куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын террор менен күрөшүүдө тарыхынын эң чоң ийгилигине жетишкен жылды артта калтыргандыгын белгиледи. Эрдоган жаңы жылга карата куттуктоо жарыялады.

«Жаңы жылдын элибиз менен бирге бүткүл адамзатка жакышылктарды алып келишин Алладан тилеймин»,- деди Эрдоган билдирүүсүндө.

Куттуктоосунда август айында башталган курс -  пайыз -  инфляциялык кол салууну, түрк экономикасынын күчтүү түзүлүшү жана көргөн чаралар менен кыска убакытта чечишкендерин баса белгилеген Эрдоган : «Экспортубузду жана турист санын тарыхыбыздын эң жогорку деңгээлине чыгарууну, эсеп  - кысап тартыштыгын да акыркы мезгилдин эң төмөнкү деңгээлине түшүрүүдө ийгиликтүү болдук. Коргонуу өнөр жайы башта болуу менен орчундуу секторлордогу долбоорлор изилдөө – өнүктүрүү, өндүрүш иштерин арттыруу менен улантып жатабыз»,- деди.

Түркиянын регионунда болгон окуялардын, террор да болуу менен көптөгөн маселенин булагы болгондугун айткан Эрдоган : «Түркиянын аймагындагы маселелерди чечпестен өз келечегин ишеним астына ала албай тургандыгы чындыгы бизди дипломатияда жана аймакта дагы активдүү саясат жүргүзүүгө багыттады. Түркия Сирия кризисинде эң башынан бери адамзаттык жана моралдык жардам көрсөтүп, дайыма жапа чеккендердин жанында орун алды»,- деди.

Түркия катары аймагында жана бүткүл дүйнөдө ырааттуулукту, адилеттикти, оптимисттикти жана тынчтыкты жактагандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Бул түшүнүк менен Кудстун, Дамасктын, Багдаттын, Каирдин, Триполинин, Саревонун, Крымдын укугун жактап жатабыз»,- деди.

Түркиянын эч бир мамлекеттин жерине, эгемендигине, мыйзамына көз салбагандыгын белгилеген Эрдоган : «Биздин бир гана максатыбыз : өз элибизди жана аймагыбызда жашаган бир туугандарыбызды коопсуздукка, тынчтыкка, коопсуз бир келечекке жеткирүү»,- деди.

Куттукттоосунда : «Өлкөбүз аймагында болуп жаткан окуялардын жооптуусу эмес, курмандыгы да болбойт»,- деген Эрдоган : «Таштаган бардык кадамдарыбыз ушул түшүнүк менен пландалып жатат жана турмушка ашырылууда. Сириядагы абалдар бул аракеттерибиздин натыйжасы. Ирактын ырааттуулугуна салым кошууну да улантуудабыз. Кипр, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизиндеги укуктарыбызды коргоо жагдайындагы чечкиндүүлүгүбүздү саясий тармакта жана аймакта көрсөтүүдөбүз. Баарынан да негизгиси адамзаттык турушубуз менен дүйнөгө үлгү болуп жатабыз»,- деди.

Эрдоган : «Террордук уюмдарга көз ачтырбаган террор менен күрөштө тарыхыбыздын эң чоң ийгиликтерине жетишкен бир жылды артта калтырдык. Коопсуздук күчтөрүбүз кааласа тоодо, кааласа шаарларда, кааласа чек араларыбыздын тышында болсун террордук уюмдардын бардык уяларына кирип, террористтерди жок кылууда»,- деди.

Эрдоган : «2019 -  жылдын өлкөбүз, элибиз, аймагыбыздагы бир туугандарыбыз жана бардык адамзат үчүн тынчтык, бейкуттук, бекем ден соолук, коопсуздук ичинде өтүшүн каалаймын»,- деди.



Тектеш кабарлар