Орусиянын президенти В. Путин эң көп Эрдоган менен сүйлөшкөн

Путин менен Эрдоган 19 жолу телефон аркылуу сүйлөштү.

1115562
Орусиянын президенти В. Путин эң көп Эрдоган менен сүйлөшкөн

 Орусиянын президенти В. Путин бул жылы президент Р. Т. Эрдоган менен эң көп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Путин менен Эрдоган 19 жолу телефон аркылуу сүйлөштү.

«Комсомольская Правда» гезитинен журналист Дмитрий Смирнов Путиндин бул жылы кайсы лидер менен канча жолу сүйлөшкөндүгүн тактап чыкты.

Путиндин мобилдик телефону болбогондуктан жана бардык сүйлөшүүлөрүн атайын байланыш жолу менен өткөргөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Смирнов Путинге түздөн түз телефон чала алган кишилердин саналуу экендигин бирок чукул абалдарда өзгөчөлүктөрдүн болгондугун белгиледи. Макалага караганда Путин катышкан иш чаралар өткөрүлө турган жерлерге мурунтадан атайын байланыш линиясы курулууда. Мисалы бир жыл мурда «Комсомольская Правда» гезитине барганда да бул байланыш линиясы курулган. Орусиянын  лидери бул жерден президент Р. Т. Эрдоган менен сүйлөшкөн.

Путин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен 11, Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен 10, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен 8 жолу сүйлөшкөн.



Тектеш кабарлар