Эрдоган биримдик жана ынтымакка чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Президенттик комплексиндеги көргөзмө залында уюштурулган Айыл өкмөт башчыларынын 49-жыйналышында сөз сүйлөдү.

1114828
Эрдоган биримдик жана ынтымакка чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, айыл өкмөт башчыларына кайрылуусунда биримдик жана ынтымакка чакырды.

Эрдоган, Президенттик комплексиндеги көргөзмө залында уюштурулган Айыл өкмөт башчыларынын 49-жыйналышында сөз сүйлөдү.

Ишемби күнү жаңы башкаруу системасынын алгачкы бюджети Түркия Улуттук Улуу Жыйынында (ТУУЖ) кабыл алынганына басым жасаган Эрдоган, билим берүү, саламаттык сактоо жана инфраструктурага дагы көп булак бөлгөндөрүн айтты.

Түркиянын акыркы жылдарда чоң ырааттуулукка жеткенине басым жасаган Эрдоган: « (16 жыл мурда) Түркияда 25 аэропорт бар болчу, эми 56 аэропортубуз бар. Университети болбогон облусубуз жок»,-деди.

Сөзүндө биримдик, ынтымак чакырыгын салган Эрдоган: «Улут катары бир болобуз, байрагыбызды эч качан түшүрө алышпайт. Бул мекендин жерлерин ушул күнгө дейре бөлө алышкан жок, бөлдүрбөйбүз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар