Эрдогандан Сирия тууралуу маалымат

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Түркиянын 500 чоң кызмат экспортчусуна сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1111411
Эрдогандан Сирия тууралуу маалымат

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын өзүнөн калган ДЕАШ террористтерин тазалап же тазалабай тургандыгын сураганда оң жооп алары менен өз аскерлерине Сириядан чыгуу буйругун бергендигин айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Түркиянын 500 чоң кызмат экспортчусуна сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү. Сөзүндө Трамп менен Сирия тууралуу өткөргөн телефон сүйлөшүүсүнө токтолгон Эрдоган : «Урматтуу Трамп менен да өткөргөн сүйлөшүүдө бизге буларды айтты ; бул жерден силер ДЕАШты тазалайсыңарбы? Биз тазаладык, мындан кийин да тазалайбыз. Негизгиси силер логистикалык мааниде бизге керектүү жардамды бергиле жана АКШ аскерлери чыга баштады. Азыркы максатыбыз бул дипломатиялык карым  - катнашыбызды бекем улантуу, Жераблустагы 3 миң ДЕАШ террористтин кандай таасирсиз абалга алып келген болсок мындан кийин да бул террордук группалардын ПКК, ПЙД, ЙПГ баарын жок кыла турган жөндөмдүүлүккө ээ Эркин Сирия Армиясына жана Мехметчиктерге ээбиз»,- деди.

Эрдоган Евфрат дарыясына карата операция тууралуу : «Урматтуу Трамп менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүү, АКШ тарабынан берилген маалыматтар, бизди бир канча убакыт дагы күтүүгө багыттады. Албетте бул учу ачык бир күтүү процесси эмес»,- деди.

Эрдоган : «Алдыбыздагы айларда Сирия аянтында ПКК/ПЙД террористтерин ДЕАШ калдыктарын жок кыла турган бир кыймылды жүргүзөбүз. Бул билиниши керек»,- деди. Эрдоган : «Акырында өткөн күндөрдө бул тууралуу ушул кезге чейинки эң ачык жана үмүт берүүчү сөздөрдү Америка башкаруусунан уктук. Аталарыбыз сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет дешкен. Биз да өткөн күндөрдөгү жаман тажрыйбаларыбыздан улам бул сөздөрдү ыраазычылык менен жана этияттык менен кабыл алабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар