Түркия жана Ирандын биргелешип таштай турган көп кадамы бар

Президент Эрдоган менен Ирандын президенти Рухани биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1110858
Түркия жана Ирандын биргелешип таштай турган көп кадамы бар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аймакта тынчтыктын камсыздалышы үчүн Түркия жана Ирандын биргелешип таштай турган көп кадамы бар экенин айтты.

Эрдоган, расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Ирандын президенти Хасан Рухани менен Президенттик комплексинде Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйынын жетектеди.

Андан соң президенттер биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган, маалымат жыйынындагы сөзүндө, «Аймагыбызда болуп жаткан кагылышуулардын соңуна чыгарылышы, тынчтык чөйрөсүнүн камсыздалышы үчүн Түркия жана Ирандын биргелеше таштай турган көп кадамы бар»,-деди.

Өлкөсүнүн жана аймагынын ырааттуулугун жана коопсуздугун бутага алган эч бир түзүмгө уруксат бербегендерин, бербей тургандарын айткан Эрдоган: «Бул темада Иран менен кызматташтыгыбызды арттырып улантуу жана туш болгон орток максаттарыбызды четке кагуу боюнча толук эркибиз бар»,-деп айтты.

Иранга карай санкцияларга каршы бул өлкөнү колдой тургандарын белгилеген Эрдоган: «Иранга карай адилетсиз деп тапкан кысымдар күчөгөн ушул мезгилде тууган Иран калкын жактообузду улантабыз. АКШнын Иранга карай санкция чечиминин аймактын коопсуздугун жана ырааттуулугун коркунучка салганын, Түркия катары бул чечимдерди колдоого алганыбызды дагы бир жолу баса белгилеймин»,-деп айтты.

Ирандын президенти Рухани болсо өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын негизинин, орток кызыкчылыктар, тынчтык, өнүгүү жана аймактын өнүгүүсү боюнча курулганын белгилеп: «Эч бир үчүнчү өлкө бул коңшулук, туугандык жана урмат-сыйлуу карым-катнашыбызды буза албайт»,-деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсү үчүн жемиштүү жыйналыш өткөрүлгөнүн белгилеген Рухани: «Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык темалары, аймактык, эл аралык темаларды карап чыктык, оң темаларды сүйлөштүк»,-деп айтты.

Конок президент, АКШнын Иранга киргизген «бир беткей, залим эмбарголоруна» каршы кескин жана ачык мамилесинен улам президент Эрдоганга ырахматын айтты.



Тектеш кабарлар