Маданият жана искусство бир өңчөйлөктү жана мажбурлоону кабыл албайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Президенттик комплексинде Президенттиктин маданият жана көркөм өнөр сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1110067
Маданият жана искусство бир өңчөйлөктү жана мажбурлоону кабыл албайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, маданият жана искусствонун бир өңчөйлөктү жана мажбурлоону кабыл албай турганын айтты.

Президенттиктин маданият жана көркөм өнөр боюнча чоң сыйлыктары ээлерине тапшырылды.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексинде Президенттиктин маданият жана көркөм өнөр сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, «Коомчулуктардын ыйыктыктарын кемсинткен, буюртма менен начарлатууга аракет кылган кишинин кылган иши маданият жана искуство болуп эсептелбейт»,-деп айтты.

«Мехмет Акиф Эрсойдун (Улуттук гимнди жазган) турмушу жана чыгармалары улутубузга берилген сыйлык болуп саналат»,-деп айткан Эрдоган, Мехмет Акиф Эрсойдун Египеттен кайтканда Стамбулдагы Бейоглунда жашаган үйүнүн дагы музейге айландырыла турганын айтты.

Маданият жана көркөм өнөр чоң сыйлыктары тарых жана коомдук илимдер жаатында Мехмет Ипширлиге, кино жаатында Түркер Инаноглуна, музыка жаатында Эрол Саянга, көркөм өнөр/фотосүрөт жаатында Иззет Керибарга тапшырылды.



Тектеш кабарлар