Калын:«Чек араларыбызды коргош үчүн ар түрдүү чараны көрөбүз»

Ибрахим Калын, Катарда өткөн 18-Доха форумунда сөз сүйлөдү.

1107851
Калын:«Чек араларыбызды коргош үчүн ар түрдүү чараны көрөбүз»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК буталарына карай жүргүзүүнү пландаган операциянын бир гана өз пайдасы үчүн эмес, ошол эле убакта Сириянын бүтүндүгү үчүн экенин белгиледи.

Ибрахим Калын, Катарда өткөн 18-Доха форумунда сөз сүйлөдү.

Калындын күн тартибинде Евфрат дарыясынын чыгышына жасалышы пландалган операция бар эле.

«Чек араларыбызды коргош үчүн ар түрдүү чараны көрөбүз»,-деп айткан Калын: «ПККга же анын Сириядагы уландысы тарабынан башкарыла турган кичине мамлекет, мамлекетке окшогон түзүмдөрдү куруусун көрмөксөнгө сала албайбыз. Бул улуттук коопсуздугубузга түздөн-түз коркунуч жаратат. Чек арабызды коргош үчүн көрүш керек болгон ар түрдүү чараны көрөбүз. Бул бир гана өз кызыкчылыгыбыз үчүн эмес, бир эле убакта Сириянын бүтүндүгү үчүн болуп эсептелет»,-деп айтты.

Ибрахим Калын, Палестина жана Сирия темаларында Европага үн катып, «Сирия өртүндө Европа жана европалыктар кайда?»деген суроо узатты.

Калын: «Бир топ адам геополитикалык темаларда Европанын, АКШнын мамилесин күтүү аракетин көрсөткөнүн, АКШнын позициясы белгилүү болгондон кийин буга карата мамиле кылганын ойлоодо»,-деп айтты.

Калын, октябрь айында Стамбулда өткөн жана Түркия, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлерин жолугуштурган Сирия тууралуу саммитке да токтолду.

Идлибде ок атпоонун камсыздалышы жана конституция комитети темаларында жылыш болгонун айткан Калын, бирок Сирияда жасала турган абдан көп нерсе бар экенин белгиледи.

Палестина темасы да Калындын күн тартибинде болчу.

Европанын маселенин чечилишине салым кошпогонуна көңүл бурган Калын, Ислам өлкөлөрүн да чечүүчү жол табыш үчүн милдетин аткарууга чакырды.

Сирия жана башка темалардын чечилиши үчүн Европада лидерлик кемчилигинен кеп кылган Ибрахим Калын, ошондой эле абалдын Ислам дүйнөсү үчүн да жарактуу экени менен эскертти.



Тектеш кабарлар