Түркия Крым татарларын колдоону улантат

Мевлют Чавушоглу  «Дипломатия, диалог жана түрдүүлүк» деген темада өткөрүлгөн 18 -  Доха форумуна катышуу үчүн Катарга барды.

1107584
Түркия Крым татарларын колдоону улантат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Крым татар түрктөрүнүн лидери Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу жана БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура менен өз -  өзүнчө сүйлөштү.

Мевлют Чавушоглу  «Дипломатия, диалог жана түрдүүлүк» деген темада өткөрүлгөн 18 -  Доха форумуна катышуу үчүн Катарга барды жана ал жерде түрдүү жолугушууларды өткөрдү.

Форумдун «Бири бирине карата байланыштуу болгон дүйнөдө саясаттын белгилениши» деген темадагы ачылуу отурумуна катышкандан кийин эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу Крым татар түрктөрүнүн лидери Кырымоглу менен жолугушту. Аймактагы акыркы абалдар менен Крым татар түрктөрүнүн абалы каралган жолугушууда министр Мевлют Чавушоглу Түркиянын Крым татарларын дайыма колдой тургандыгын баса белгиледи.

Чавушоглу БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан де Мистура менен да жолугушту. Булактар жолугушууда Сирияга байланыштуу абалдардын да каралгандыгын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар