Түрк жана катардык министрлер Дохада жолугушту
Чавушоглу жана Албайрактын 18 - Доха форумуна катышуу үчүн барган Катарда өткөргөн жолугушууда аймактык жана эки тараптуу кызматташтык темалары каралды.
1107591
![Түрк жана катардык министрлер Дохада жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/373e/e6e4/9251/5c14f1d5a4933.jpg?time=1718854895)
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен казына жана финансы министри Берат Албайрак Катардын премьер - министри жана ички иштер министри Шейх Абдуллах бин Насыр бин Халифе Ал Сани жана коштоосундагы министрлер менен жолугушту.
Чавушоглу жана Албайрактын 18 - Доха форумуна катышуу үчүн барган Катарда өткөргөн жолугушууда аймактык жана эки тараптуу кызматташтык темалары каралды.
Сүйлөшүүлөргө министр Чавушоглу, министр Албайрак менен Катардын прембер - министри жана ички иштер министри Шейх Абдуллах бин Насыр бин Халифе Ал Сани жана Катар финансы министри Али Шериф ел - Имдади, Катардын тышкы иштер боюнча жооптуу мамлекеттик министр Султан бин Саад Ал Мураики катышты.