Вице  - президент Фуат Октай оперция даярдыктарынын бүткөрүлгөндүгүн айтты

Фуат Октай Түркия Улуттук Парламентинин жалпы Кеңешинде өткөрүлгөн бюджет сүйлөшүүлөрүндө сөз сүйлөдү.

1104676
Вице  - президент Фуат Октай оперция даярдыктарынын бүткөрүлгөндүгүн айтты

Вице  - президент Фуат Октай Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышына карата оперция даярдыктарынын бүткөрүлгөндүгүн айтты. Фуат Октай Түркия Улуттук Парламентинин жалпы Кеңешинде өткөрүлгөн бюджет сүйлөшүүлөрүндө сөз сүйлөдү.

Сирия чек арасындагы террордук элементтерди жок кылуу үчүн чечкиндүү экендерин айткан Октай : «Дипломатиялык жолдорду акырына чейин мажбурлайбыз. Бирок бул жолдордун өлкөбүздү алаксытуу тактикасына айланышы, урматтуу президентибиз айткандай бизди дагы бир жолу «өз киндигибизди өзүбүз кесүүбүзгө» мажбурлайт.  Буга байланыштуу бардык даярдыктарыбызды да көрдүк»,- деди.

Сириянын түндүгүндө ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмду жайгаштырган АКШга да кайрылган Октай : «ЙПГ/ПКК жана Фетуллахчы террордук уюм тууралуу барган сайын тереңдеген башка мамилелерге ээ экенибизди көрүп жатабыз. Алдыбызда өлкөбүздүн террордук уюмга сый көрсөткөн жана колдоо берген АКШны көрүүнү каалайбыз»,- деди.

Вице  - президент Фуат Октай Түркияда 4 мллионго жакын сириялыктын жашагандыгын белгилеп, Франциядагы митингдер жана полиция күчү  тууралуу батышка да кабар берди. «Акыркы жумаларда Париж баш болгон түрдүү Европа шаарларында ортого чыккан көрүнүштөр батыштын бул темалардагы баш  - аламандыктарын жана эки жүздүүлүгүн ортого чыгарды",- деди вице  - президент Октай.

Чыгыш Жер Ортолук деңизде Греция жана Кипр Рум бөлүгү тарабынан бир тараптуу энергетика издөө иштери тууралуу да : «Түркиянын Кипрде Эгей деңизинде жана чыгыш Жер Ортолук деңиздеги суутек булактары маселесиндеги кызыкчылыктарынан кичине да болсо жол беришпей тургандарын баса белгилегим келет. Европа Биримдиги жактаган Греция менен Кипр рум бөлүгүнүн өлкөбүз жана Кипр түрктөрүнө каршы таштоого аракет кылган кадамдарга уруксат бербейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар