Адам укуктары күнү бир топ жерлерде эң негизги адам укуктары дагы тебеленген убакта белгиленүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «10-Декабрь Адам Укуктары Күнү» боюнча билдирүү жарыялады.

1104204
Адам укуктары күнү бир топ жерлерде эң негизги адам укуктары дагы тебеленген убакта белгиленүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дагы бир Адам укуктары күнүнүн Сирия, Ирак, Ааракан, Палестина сыяктуу жерлерде жашоо укугу менен кошо эң негизги адам укуктары дагы тебеленген, Йеменде жүз миңдеген баланын кызыкчылык кагылышуусу үчүн курман кылынган мезгилде тосулганын белгиледи.

Президент Эрдоган, «10-Декабрь Адам Укуктары Күнү» боюнча билдирүү жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө, дүйнөнүн ар башка аймактарында уяткаруучу адам укуктарын бузуулар темасында эл аралык коомчулуктун дагы деле алышы керек болгон абдан олуттуу сабак бар экенин белгиледи.

Эрдоган, БУУнун Коопсуздук кеңеши сыяктуу глобалдык коопсуздук, тынчтык жана ырааттуулуктуу коргоого жооптуу түзүмдөрдүн чабалдыгынын, адам укуктарын бузуулардын ушунчалык жайылышынын эң маанилүү себебептеринен бири болгонуна көңүл бурду.

Эрдоган, эл аралык коомчулуктун үн катпай турушунан күч алган Израилдин Палестинанын жерлериндеги басып алууларын, сүргүндөрүн жана зулумдуктарын аесуз түрдө улантканына басым жасады.

Эрдоган: «Кызыкчылыкты адам укугунан жогору көргөн, террордук уюмдардын арасында бөлүүчүлүк кылган, залимдин жана эзилгендин кимлигине жараша мамиле кылган аң-сезим, жүз миңдеген адамдын назарында Адам укуктарынын дүйнөлүк билдирүүсүн дагы түшүнүксүз кылууда»,-деди.

Эрдоган, бул процесс Түркиянын чет өлкөдө коңшуларынан баштап глобалдык деңгээлде адилеттиктин ишке ашырылышы үчүн күрөш жүргүзгөнүнө басым жасады.



Тектеш кабарлар