Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштарын бардык тармакта өнүктүргүбүз келет

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Кыргызстанда кесиптеши Дастанбек Жумабеков менен бетме-бет жолугушуу өткөргөндөн кийин парламентте уюштурулган делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылды.

1102027
Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштарын бардык тармакта өнүктүргүбүз келет

Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым, Кыргызстан менен бардык тармакта карым-катнаштарды өнүктүрүүнү каалагандарын айтты.

Йылдырым, расмий сапар менен барган Кыргызстанда кесиптеши Дастанбек Жумабеков менен бетме-бет жолугушуу өткөргөндөн кийин парламентте уюштурулган делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылды.

Түркия менен Кырызстандын ортосунда акыркы убакта тыгыз сүйлөшүү алакалары болуп жатканын белгилеген Йылдырым, бул сапардын максаты өкмөттөр аралык күчтүү карым-катышты парламенттер арасына да алып чыгуу болгонун айтты.

Йылдырым, эки өлкөнүн ортосунда көйгөй жараткан жалгыз тема бар экенине басым жасап, «Кырызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарга көлөкө түшүргөн жалгыз бир маселебиз бар, ал да Түркияда 2016-жылы 15-июлда төңкөрүш аракетин кылган Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) түзүмү»,-деди.

Бул уюмдун жылма кыймыл кылганын түшүндүргөн Йылдырым: «Ал сиз сыяктуу кийинет, сиз сыяктуу сүйлөйт, бирок өз улутуна чыккынчылык кылат. Улутунун душмандары менен биригип алып, улутуна каршы чыгат»,-деп айтты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жумабеков да, 2018-жылдын Түркия-Кыргызстан карым-катнаштары жагынан абдан түшүмдүү өткөнүн айтып, эки өлкөнүн президенттеринин бир жылда төрт ирет жолугушканын эске салды.



Тектеш кабарлар