Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Бишкекте

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Йылдырым Бишкек элчилигинде  түрк жарандары жана Ахыска түрктөрүнүн өкүлдөрү менен да жолугушат.

1101821
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Бишкекте

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Кыргызстанда.

Кытайдагы жолугушууларын аяктаган Түркия Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Бишкекте эл аралык «Манас» аэропортунда азем менен тосулуп алынды.

Бинали Йылдырым жана коштоосундгы делегация Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, Кыргызстан парламентинин Түркия достук тобунун төрагасы Алмазбек Батырбеков, тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов менен Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил  Фырат тосуп алышты.

Бинали Йылдырым жана жубайы Семиха Йылдырымды улуттук кийимдерди кийген кыргыз жаштары нан жана каймак менен тосуп алышты.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Йылдырым жолугушууларынын негизинде кыргыз парламентинин спикери Дастанбек Жумабеков жана премьер  - министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат, Бишкек элчилигинде  түрк жарандары жана Ахыска түрктөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.



Тектеш кабарлар