Президент Эрдогандан АПАга куттуктоо

Президент Эрдоган Азия Парламентарлар Ассамблеясынын 11 -  Жалпы Кеңешинин ачылуу аземине куттуктоо жиберди.

1098021
Президент Эрдогандан АПАга куттуктоо

Президент Р. Т. Эрдоган өзгөрүүгө жана өнүгүүгө ачык динамикалуу калкы, бай маданиятты жана тарыхы менен мүмкүнчүлүк болгон Азияда тынчтык жана өнүгүүнүн улантылышы, аймак өлкөрүнүн арасында экономикалык жана социалдык биримдиктин түзүлүшүнүн бүткүл дүйнө үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган Азия Парламентарлар Ассамблеясынын 11 -  Жалпы Кеңешинин ачылуу аземине куттуктоо жиберди. Президент Эрдоган маалыматында буларды билдирди : «Өзгөрүү жана өнүгүүгө ачык, динамикалуу калк, бай маданияты жана тарыхы менен мүмкүнчүлүк аймагы болгон Азияда тынчтык жана  өнүгүүнүн улантылышы, аймак өлкөлөрүнүн арасында экономикалык жана социалдык биримдиктин түзүлүшү бүткүл дүйнө үчүн чоң мааниге ээ. Азия аймагында тынчтык, бейкуттук жана социалдык карым  - катнаштар жагдайында парламенттердин кызматташтыгын негиз кылып алган АПАнын ишинин ийгиликтүү жана  жалпы кеңештин түшүмдүү өтүшүн каалайм. Мүчө өлкө өкүлдөрүн өлкөбүздө тосуп алуудан кубанычтуумун. Жалпы Кеңешти өткөрүү үчүн эмгектенгендерди куттуктайм, бардык катышуучуларга чын жүрөктөн салам берем».

 

 



Тектеш кабарлар