Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын Зап аймагына абадан операция жүргүздү

Операцияда 6 террорист жок кылынды.

1096638
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын Зап аймагына абадан операция жүргүздү

Түрк курадуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап  аймагына карата жүргүзүлгөн аба операциясында 6 террорист жок кылынды.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына аба операциясы жүргүзүлдү. Операциянын натыйжасында ПКК жикчил террордук уюмга таандык курал буктурмасы, баш калкалоочу жер жана ок- дары сактоочу жерлер жардырылып, база аймактарына кол салуу үчүн даярданган 6 террорист жок кылынды.

Бир тараптан изделип жаткан террористтер тизмесинде орун алган уюмдун Эрзурум аймагынын Чыгыш күчү жооптуусу Зинар Амед код аттуу ПКК мүчөсү Али Акбаш да жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ПКК/КЖК террордук уюмуна карата операцияларда Муштун Малазгирт Татаргази айылында жүргүзүлгөн операцияларда эки террористтин өлүү колго түшүрүлгөндүгү белгиленди.

Операцияда өзгөчө бир М- 16, бир Калашников автомат жана көп сандаган ок- дары колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар