Р. Т. Эрдоган : "Биздин маданиятыбызда жыныстык бөлүүчүлүк жок"

Президент Р. Т. Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн 3 -  эл аралык аял жана адилеттик саммитинде сөз сүйлөдү.

1093602
Р. Т. Эрдоган : "Биздин маданиятыбызда жыныстык бөлүүчүлүк жок"

Президент Р. Т. Эрдоган : «Биздин маданиятыбызда жыныстык бөлүүчүлүк жок»,- деди. Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн 3 -  эл аралык аял жана адилеттик саммитинде сүйлөгөн сөзүндө : «Үй  - бүлө күчтүү болбогон коомдун келечеги аял үчүн да эркек үчүн да бирдей даражада караңгы. Аялга бөлүүчүлүк кылуу мүмкүн эмес. Маданий тектерибизде да жыныстык бөлүүчүлүк жок»,- деди.

Түркияда университеттерде иштеген мугалимдердин 44 пайызынан ашыкчасынын аял экендигин белгилеген Эрдоган : «Архитекторлорубуз жана адвокаттарыбыздын да 44 пайызга жакыны аялдар. Сот жана прокурорлорубуздун 31 пайызынан, дипломаттарыбыздын 20 пайызынан ашыкчасы аялдар. Мугалимдерде аял катнашы 56 пайызга, банктык сектордо болсо 51 пайызга жетет»,- деди.



Тектеш кабарлар