Түркия - Азербайжа - Грузиянын куралдуу күчтөрнүн командирлери жолугушту

Азербайжанда Түркия  - Азербайжан  - Грузиянын куралдуу күчтөр командирлери үч тараптуу жыйын өткөрүштү.

1092517
Түркия  -  Азербайжа  - Грузиянын куралдуу күчтөрнүн командирлери жолугушту

 Азербайжанда Түркия  - Азербайжан  - Грузиянын куралдуу күчтөр командирлери үч тараптуу жыйын өткөрүштү.

Борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн жыйынга башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, Азербайжандын коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов жана Грузиянын башкы штабынын төрагасы, генерал  - майор Владимир Чачибая катышты.

Жыйындан кийин министр Хасанов менен башкы штабдын төргалары Гүлер менен  Чачибая орток протоколго кол коюшту.

Кол коюу аземинен кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн башкы штабдын төрагасы Гүлер аймактык жана глобалдык өлчөмдө тынчтык жана ырааттуулук абдан маанилүү болуп турган азыркы күндөрдө аймакта болуп жаткан окуялар тууралуу  пикир алышууларда болушкандарын айтты.

Хасанов да жыйында аймактагы аскердик жана саясий абалдын анализделгендигин белгилеп, үч бир тууган мамлекеттин кызматташуусунун стратегиялык деңгээлде экендигин белгиледи.

Грузиянын башкы штабынын төрагасы, генерал  - майор Чачибая болсо үч бир тууган өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуунун аймактын коопсуздугу жактан мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Үч өлкө тарабынан өткөрүлгөн аскердик машыгуулардын мындан кийин да улантыларын белгилеген Чачибая билим берүү жана спорттук тармактарда да кызматташуу түзүшөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар