Украиналыктар саламаттык сактоо үчүн Түркияны тандашууда

Түркия Украина жарандарынын арасында саламаттык туризми үчүн абдан популярдуу өлкө болду.

1086260
Украиналыктар саламаттык сактоо үчүн Түркияны тандашууда

Түркия отелчилер ассоциациясы ТҮРОБдун билдиргенине караганда ТҮРОБ жетекчилери Украинанын борбор шаары Киевде өткөрүлгөн Украина эл аралык туризм жана саякат жарманкесинде өткөргөн жолугушууларынын негизинде базар тууралуу изилдөө отчетун даярдады.

Маалыматта көз карашына орун берилген ТҮРОБ төрагасы Тимур Байындыр украиналык оорулуулардын Түркияны эң көп рак оорусун аныктоо жана дарылоо, ортопедия ооруларынын дарыланышы жана Da Vinci Robot методу менен  дарылоо үчүн тандашкандарын билдирди.

Тимур Байындыр украиналык туристтердин деңиз,  кум жана термал, Selus Per Aqua (SPA) жана талассотерпияга да кызыккандыгын белгиледи.

Жаңы күбөлүк карточкаларын колдонгон Украина жана Түркия жарандары эки өлкөнүн ортосунда кирип – чыгуу жана транзит өткөөлдү колдонуп, 90 күн  визасыз кала алышат.



Тектеш кабарлар